Эки өлкөнүн Куралдуу күчтөрү катышкан машыгуу 17-августта башталган
Биргелешкен иш-чарага 150дөн ашык аскер кызматкерлери катышууда
Чектеш аймактарда террордук коркунуч келип чыккан учурда бирдиктүү аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу пландалган
Ошондой эле күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн жөндөмдөрүн баалоо маселелери иштелип чыгат
Машыгууга 30га жакын атайын жана авиациялык техникалар тартылган
Коргоо министрлиги Кыргызстан менен Казакстандын атайын даярдыктагы бөлүктөрү сапаттуу аскердик даярдыгын көрсөткөнүн белгиледи
“Эрдик-2023” атайын-тактикалык машыгуусунун катышуучулары эки каттам боюнча 40 чакырымдан ашык тоолуу рельефте чалгындоо-издөө иш-чараларын жүргүзүштү
Десанттоонун бийиктиги 15-50 метрге чейин жетсе, ал эми десантчынын жабдуулар менен максималдуу салмагы 120 килограмм
Аскерлерге мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн базалык лагерин жок кылуу тапшырмасы берилген
Машыгуунун жүрүшүнө дүрбү салып карап турган жетекчи
Курал-жарактардын, ок-дарынын кампаларын табуу жана мыйзамсыз куралдуу топтордун базалык лагерлерин аныктоо тапшырмалары аткарылды
Чалгындоонун жүрүшүндө жердин рельефинин, кыймылынын маршруту изилденди
Иш-чарага тик учактар дагы тартылган
Коңшу өлкөлөрдүн “Эрдик-2023” машыгуусу 23-августта практикалык иш-аракеттерди аткаруу менен аяктайт.