Радио

Жыл аягына чейин кыймылсыз мүлктү онлайн кайра каттоо башталат

Президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев кыргызстандыктардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга көңүл бурулушу керектигин айтты.
Sputnik
Жыл аягына чейин кыймылсыз мүлктү онлайн кайра каттоо башталат. Ал эми 1-сентябрдан тарта унааларды кайра каттоо сынамык долбоор катары ишке ашат. Бул тууралуу Азамат Буржуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык адистер долбоорду ишке ашырууда эл аралык стандарттарга жооп берген технологияларды колдонуп, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурат.
"Өлкөдө 1-сентябрдан тарта унааны онлайн кайра каттоо мүмкүнчүлүгү ачылат. Ал сынамык долбоор катары бир жылга созулуп, иш жүзүндө аткарылышына байкоо жүргүзүлөт. Ушул эле системанын негизинде жыл аягына чейин кыймылсыз мүлктү да онлайн кайра каттоо башталат. Батирди, үйдү алып-сатуу процесстери жеңилдетилип, санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн негизинде ишке ашат. Кыргызстандык адистер долбоорду ишке ашырууда эл аралык стандарттарга жооп берген технологияларды колдонуп, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурат. Бул кызматтарды колдонууда бир катар кыйынчылыктар да жаралат. Ал үчүн жарандардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга көңүл буруу кажет", — деди Буржуев.
Ошондой эле адис өлкөдөгү санариптик концепциянын негизинде маалыматтарды автоматташтырылган түрдө алуу ишин жакшыртуу керектигин кошумчалады.