Казакстан министри башында турган делегация Көлдөгү машыгууга катышат

Бекболотов жолугушууда аскердик чөйрөдөгү алака өз ара кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири экендигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкекке келген Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков жетектеген аскердик делегация учурда жүрүп жаткан "Эрдик" аталышындагы тактикалык-атайын машыгууга катышат.
Аталган министрликтин маалымат кызматы жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аскердик, аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери, бул багыттагы эки мамлекеттин мындан аркы биргелешкен иштери талкууланганын маалымдады.
1 / 3

Бишкекке келген Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков жетектеген аскердик делегация учурда жүрүп жаткан "Эрдик" аталышындагы тактикалык-атайын машыгууга катышат.

2 / 3

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аскердик, аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери, бул багыттагы эки мамлекеттин мындан аркы биргелешкен иштери талкууланды

3 / 3

Бекболотов жолугушууда аскердик чөйрөдөгү алака өз ара кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири экендигин айтып, "Казакстандын туруктуу жана ишенимдүү өнөктөштүгүн" белгилеген.

"Аскердик делегация Кыргызстан менен Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүктөрүнүн "Эрдик" деп аталган биргелешкен тактикалык-атайын машыгуусунун активдүү фазасына катышат жана бир катар аскердик объектилер менен таанышат", — деп билдиришти министрликтен.
Бекболотов жолугушууда аскердик чөйрөдөгү алака өз ара кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири экендигин айтып, "Казакстандын туруктуу жана ишенимдүү өнөктөштүгүн" белгилеген.
Иш сапардын программасына ылайык, алар Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана башка тараптар менен жолуккан. Андан сырткары, Сүймөнкүл Чокморов айылында жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барган.

Кызматташуу боюнча маалымат

Кыргызстан менен Казакстандын коргоо ведомстволору аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатында 1992-жылдан бери кызматташууда. Азыркы убакта Казакстандын аскердик окуу жайларында аскердик кадрларды даярдоо кызматташуунун динамикалык багыты болуп келет.
Сандарга кайрылсак, 1998-жылдан ушул убакытка чейин Казакстандын ар кайсы аскердик окуу жайларында үч жүздөн ашуун аскер адистери даярдалган. Бүгүнкү күндө кырктан ашуун аскер кызматчылары билим алып жатат.
Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн машыгуусу башталды