Казакстан "Ак-Тилекте" кыргызстандык фуралар эмнеге топтолуп калганын түшүндүрдү

Министр "коммерциялык жүктөр боюнча эч кандай көрсөтмө болбогонун" айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев Кыргызстан менен чектешкен жерде фуралардын эмнеге топтолуп калганына түшүндүрмө бергенин Sputnik Казакстан жазды.

"Ал жерде бажы жок, бул ЕАЭБдин ички чеги. Мен билгенден, баңгизатын аныктоо боюнча операция болгон. Андыктан азыр, кыязы, Чек ара жана Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тыкыр текшерүү жүрүп жатат", — деген ал журналисттерге.

Ал "коммерциялык жүктөр боюнча эч кандай көрсөтмөлөр болбогонун" айтты.
Кечээ кечинде кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 370 автоунаа өтпөй туруп калганы айтылган. 10 саат ичинде казак тарап болгону үч фура өткөргөн. Айдоочуларга таянган ЖМКлар Кыргызстан Казакстанга суу бербегени үчүн жолдун буулганын жазган. Бүгүн ал жерде 430 автоунаа топтолуп калганы кабарланды.
Айыл чарба министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек тууралуу үн катты