Чек ара кагылышында тоок фабрикасы өрттөлгөн Надировдун уулу жаңы ферма курду

Ферма заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган системада иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта тоок фабрикасы өрттөлүп, өзү набыт болгон фермердин уулу жаңы ишкана курду. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктаган. Жабдуулар Түркия мамлекетинен алып келинген, заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган системада иштейт. Жакынкы күндөрү тоокторду алып келүү күтүлүүдө. Ферма пайдаланууга берилсе 40 миң тоок багылып, күнүнө 35 миңге жакын жумуртка алынат. Мунун арты менен 15 жумушчу орун түзүлөт. Облус башчысы Абдикарим Алимбаев ал жакка барып мындай чоң ишкананын ишке кириши мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айткан.
1 / 5

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта тоок фабрикасы өрттөлүп, өзү набыт болгон фермердин уулу жаңы ишкана курду

2 / 5

Учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктаган

3 / 5

Жабдуулар Түркия мамлекетинен алып келинген, заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган системада иштейт

4 / 5

Ферма пайдаланууга берилсе 40 миң тоок багылып, күнүнө 35 миңге жакын жумуртка алынат

5 / 5

Мунун арты менен 15 жумушчу орун түзүлөт

Белгилей кетсек, былтыр сентябрда чек арадагы кагылышта Матиса Надировдун Ак-Сай айылындагы тоок фабрикасы өрттөлүп, өзү каза болгон. Атасынын ишин уулу Адилет Абдувалиев улантууда. Мамлекет тарабынан ага 30 миллион сом жеңилдетилген насыя берилген.
"Адилет Абдувалиевдин атасы Ак-Сай айылында алгачкылардан болуп тоок фермасын ачып, Баткен аймагын жумуртка менен камсыздап турган. Атасынын ишкердигин кайра калыбына келтирүүнү максат кылган уулу алты ай аралыгында жаңы ферманы түзүүгө жетишти. Алдыда өндүрүлгөн продукция ички базарларга жана экспортко чыгат", — деп айтылат маалыматта.
Жакында атасынын фермасын да калыбына келтирүүгө ниеттенип жатканы белгиленди.
Кара-Сууда үч фабрикадан турган индустриалдык-логистикалык парк ишке кирет