Баңгизат соодасына шектелип дагы үч милиционер кармалды

Милиционерлер коркутуу жолу менен 315 миң сом алганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы үч милиция кызматкери кармалды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Россиянын жараны арыз жазып, милиция кызматкерлери жана Д. аттуу кыз 20-апрелде Бишкектеги кафелердин биринде ага гашиш ыргытканын айткан. Андан соң коркутуу жолу менен кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алышканын билдирген.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.
21-августта ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Чүй облустук милициясынын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштеген М.Ч., С.А. жана А.А. аттуу кызматкерлери кармалды.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Акыркы чечим эмес. Ниязбеков баңгизат чуусунан улам иштен алынгандар тууралуу