Россияда 1-сентябрда таксилер тууралуу мыйзам күчүнө кирет. Жаңы талаптар

Жаңы талаптар жарандыгына карабай Россиядагы бардык айдоочуларга тиешелүү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Россияда 1-сентябрдан тарта "Жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана такси кызматындагы жеңил унаалардын багажы жөнүндө" федералдык мыйзамдын негизги жобосу күчүнө кирди.
Евразия экономикалык комиссиясы РФтин Транспорт министрлиги менен биргеликте даярдаган документтин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын таксиде иштөө мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө берди.

Негизги учурлар

Жаңы талаптар кайсы өлкөнүн жараны экенине карабай Россиядагы бардык айдоочуларга тиешелүү.
Айдоочулардын күбөлүгүндө B категориясы жана үч жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу шарт. Ошондой эле ташуучулар менен эмгек келишими же жүргүнчү ташууга уруксат алган жеке ишкер болушу зарыл.
Айдоочулук күбөлүгүнөн эки ирет ажыратылса, жол эрежесин бузганы үчүн камалып чыкса, шаарды билүү боюнча тесттен өтпөй калса такси кызматына кирүүгө болбойт. Адам өлтүрүү, оор жаракат келтирүү, коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы туруу беренелери боюнча кылмыш жасап, соттуулугу жоюла элек адамдарга такист болуп иштөөгө тыюу салынат.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган таксисттер соттолбогону тууралуу эки маалым кат көрсөтүшү керек: Россиянын жана өз өлкөсүнүн тиешелүү органдарынан.
Бардык таксисттер кийинки жылдын 1-сентябрына чейин "Ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" келишим түзүшү шарт.
Быйыл 1-сентябрдан тарта такси айдоочулары иш убактысын каттоого алган журнал колдонушу керек.
Торлугу менен шилтемеде.
Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги "Яндекс Таксиге" сурам жөнөттү