Аламүдүндө тоодон параплан менен учкан россиялык жаран кулап түштү

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында Россиянын жараны параплан менен учуп баратып кулап түштү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
1 / 2

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-августта, түнкү саат 23:55те К.П. аттуу 48 жаштагы киши кырсыкка кабылганы тууралуу ӨКМдин 112 кызматына билдирүү түшкөн

2 / 2

Издеп-куткаруу иштерине төрт куткаруучу тартылып, алар бүгүн эртең менен жабыркаган жаранды тоодон алып түшүп Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-августта, түнкү саат 23:55те К.П. аттуу 48 жаштагы киши кырсыкка кабылганы тууралуу ӨКМдин 112 кызматына билдирүү түшкөн.
Издеп-куткаруу иштерине төрт куткаруучу тартылып, алар бүгүн эртең менен жабыркаган жаранды тоодон алып түшүп Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Аламүдүн суусуна агып кеткен бөбөктүн сөөгү 10 күндөн кийин табылды