БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. 1-сентябрдан тарта мектеп директорлору жана орун басарларынын айлыгы 50 пайызга жогорулайт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Эмгек акысын жогорулатуу үчүн жылына 549 миллион сом, 1-сентябрдан тарта 183 миллион сом талап кылынары белгиленди. Натыйжада 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19 143 сом алса, эми 28 715 сом болуп көбөйөт. Ушундай эле тажрыйбасы бар орун басарынын айлыгы 17 413 сомдон 26 120 сомго жогорулайт. Ал эми 1800дөн ашык окуучусу бар айылдык мектептин биринде 15 жылдан ашык стажы бар директор 35 миң сомго чейин алып калат.
Буга чейин мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндө жетекчилери эске алынган эмес. Өз кезегинде өкмөт башчы Акылбек Жапаров кыздар мугалимге турмушка чыгууга кыялданып калганга чейин айлыктарын көтөрө бере турганын айткан жайы бар.