Радио

Мэрия айдоочуларды жумушка чакырат. Талабы

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын Эксплуатация башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов айдоочуларды жумушка кабыл алуудагы башкы талаптарды айтты.
Sputnik
Бишкек шаарындагы автобус каттамдарына айдоочулар жетишсиз. Бул тууралуу Сатыбалды Хакимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, автобус айдоочуларына суроо-талап ар дайым жогору.
"Ишканабызга айдоочулар жетишсиз болгондуктан медиа аркылуу байма-бай жарыялап келебиз. Автобус айдоону каалагандарды жумушка чакырабыз. Айдоочуларды кабыл алуунун өзүнүн эрежелери бар. Эң негизгиси, айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы болушу кажет. Тажрыйбасы жокторду деле тажрыйбалуу айдоочуларга кошуп үйрөтүп келебиз. Жакында эле дагы бир жаңы талап менен иштеп баштадык. Эгер айдоочулук күбөлүктө жеңил унаа айдоого гана уруксат берилип, Д категориясы жок болсо, эми аларды өзүбүз окутуп алабыз. Болгону алар шарт боюнча эки жыл жумуштан чыкпай иштеши керек. Окуу акысын биз каржылагандыктан, эгер эки жылга жетпеген убакытта иштебей кетип калса, анда кеткен чыгымдардын баарын төлөп бериши керек болот. Окуу мөөнөтү 2,5 айды түзөт. Айлыгын кадимкидей эле ала берет", — деди Хакимов.
Ал айдоочуларды автобус айдоого кызыктыруунун эң негизги жолу айлыкты жогорулатуу экендигин кошумчалады.