Ленин округу боюнча кайра шайлоодо 25 талапкер ат салышат. Үгүт иштери башталды

Жаңы депутатты шайлоого бюджеттен 13,2 миллион сом сарпталат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бир мандаттуу № 26 Ленин шайлоо округу боюнча кайра шайлоодо 25 талапкер ат салышат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Алгач 34 жаран Жогорку Кеңештин депутаты болууга ниеттенип арыз берген. Бирок БШК кээ бирлерин каттоодон баш тартса, айрымдары өзү оюнан кайткан. Натыйжада 5 аял, 20 эркек талапкер элдин элегине коюлду.
Бүгүндөн тарта үгүт иштери расмий башталды. Ал эми 10-сентябрда шайлоо өтөт.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Ал март айында ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Мындан улам 28-майда бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Бирок анда добуш сатып алуулар көп болгондуктан жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул жараянга бюджеттен 18,8 миллион сом сарпталган болчу. Эми кайра шайлоого 13,2 миллион сом керектелет.
Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан кол жууду