Өнөктөштөр арбысын. Кытай БРИКСти кеңейтүү идеясын колдоду

Кытай ТИМи Түштүк Африканы төрага-мамлекет катары колдоо үчүн бир катар кадамдарга барууга даяр экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кытай БРИКСтин кеңейүү процессин колдоп, "чоң үй-бүлөгө" жаңы өнөктөштөрдүн тез арада киришин жактайт. Бул туурасындагы маалыматты РИА Новости Кытай ТИМинин басма сөз кызматына таянып кабарлады.
"Кытай БРИКСтин ачык жана инклюзивдүү механизмде экендигине ар дайым ишенип келген. Пекин БРИКСтин кеңейишин кубаттайт жана "чоң үй-бүлөгө" кирген өнөктөш-пикирлештердин санынын тез арбышына тилектештигин билдирет", — деп айтышкан ведомстводон.
Кытай ТИМи Түштүк Африка Республикасын төрага-мамлекет катары колдоо үчүн Пекин БРИКС боюнча өнөктөштөр менен иштөөгө даяр экендигин билдирген. Биригүү алкагында ар кыл иш-чараларды биргелешип уюштуруп, БРИКСтин кызматташууну сапаттуу өнүктүрүшүн шартташына жана "дүйнөдө тынчтыктын, туруктуулуктун, гүлдөп-өнүгүүнүн орношуна чоң салым кошуудан баш тартпай тургандыгын" айтышкан.
БРИКС саммити 22-24-августта Йоханнесбургда өтүп, ага Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африка лидерлери келери айтылды. Ал эми Россиянын атынан ТИМ башчысы Сергей Лавров бармакчы. Буга чейин президент Владимир Путиндин видеоконференция аркылуу катышарын билдиришкен.
БРИКСке Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы кирет. Бирок соңку учурда экономикалык бул блокко 19 мамлекет мүчө болууга ынтызарлыгын билдирген. Аларды катарында Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Арабиясы жана Египет сыяктуу өлкөлөр бар.
Путин БРИКС саммитине катышпайт