Илимдин чордону болгон Улуттук академияга 80 жыл. Архивдик ирмемдер

Мындан 80 жыл мурун Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында СССРдин Илимдер академиясынын филиалы ачылып, кыргыз жергесинде илимге чыйыр салынган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган мекеменин түптөлүү тарыхы чагылдырылган сүрөт баян сунуштайт.
Sputnik
Фрунзе шаарында 1943-жылы СССРдин Илимдер академиясынын кыргыз филиалы ачылган. Анда согуш маалында СССРдин Илимдер академиясынын биологиялык бөлүмү көчүрүлүп, аны академик Константин Скрябин жетектеген. Илимий мекеме темирге муктаж болгон Советтик армия үчүн Тянь-Шань тоолорун чалгындап, айыл чарбага да өзгөчө көңүл бурган. Муну менен алар фронттогулардын жеңишке жетүүсүнө кол кабыш кылган. Кийин академия жаш республиканын экономикасынын өнүгүүсүнө жол көрсөтүп, геология, медицина, энергетика жана суу ресурстарын башкаруу, зоология жана паразитология, биология, химия, тарых, тил жана адабият институттары да өз иштерин баштаган. Союз маалында ата мекендик илимпоздор дүйнөлүк ачылыштарды жасап, көптөгөн илимий-изилдөө иштери менен алектенген.
1 / 14

СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы согуш маалында 1943-жылы Фрунзеге көчүрүлүп келген

2 / 14

Ал филиалды академик Константин Скрябин жетектеген

3 / 14

Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун кызматкерлери залкар манасчы Саякбай Каралаевден улуу эпосту жаздыруу учуру. 1965-жыл.

4 / 14

Мекеме 1954-жылы өз алдынча академия болуп, кошумча жаңы институттар ачылып, илимий-изилдөө иштери арбыган

5 / 14

Кыргыз ССРинин Улуттук илимдер академиясынын алгачкы президенти болуп Иса Ахунбаев дайындалган

6 / 14

Союз маалында академиянын 18 илим-изилдөө институтунда алты миңден ашык кызматкер эмгектенип, алар чет элдик илимий мекемелер менен кызматташкан

7 / 14

Ата мекендик илимпоздор түрдүү өндүрүштүк техника, технология, вакциналарды иштеп чыгып, элдик чарбанын көйгөйлөрүн илимий жол менен чечкенге кол кабыш кылган

8 / 14

Окумуштуулар ири өндүрүш, долбоор, курулуштарга өз бүтүм, корутундуларын чыгарып, ишке ашырууга көмөктөшкөн

9 / 14

Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Биохимия жана физиология институтунун улук лаборанты Галина Пак козуларды эмдөөдө. 1972-жыл.

10 / 14

Кыргызстандык илимпоз Жолочу Асанкулов иштеп чыккан көп функционалдуу чынжырлуу таш иштетүүчү "Аскатеш" автоунаасы Болгариянын Пловдив шаарында эл аралык көргөзмөдө

11 / 14

Далай дары-дармекти иштеп чыккан академик Арстанбек Алтымышев кесиптештери менен иш үстүндө. Фрунзе шаары, 1972-жыл.

12 / 14

Кезинде академиянын алдында институттардын өз лабораториясы, станциялары болгон. Алардын айрымдары азыркыга чейин иштеп келет. Сүрөттөрү Физиология жана бийик тоолуу аймактын эксперименталдык патология институтунун илимий кызматкерлери Алтын Сооданбекова менен Бурул Токтокожоева. 1981-жыл.

13 / 14

Кыргызстандык илимпоздор кезинде дүйнөлүк космонавтиканын өнүгүүсүнө салым кошкон. Сүрөттө Фрунзедеги СССРдин Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросунун кызматкерлери космостон маалымат чогулткан "Фрагмент" жабдуусу менен. Фрунзе шаары, 1983-жыл.

14 / 14

Улуттук илимдер академиясынын Автоматика институту иштеп чыккан көп функциялуу экскаватор. 1989-жыл.

Тема боюнча:
Шахтёрлордун шаары атыккан Таш-Көмүр. Архивдик сейрек сүрөттөр
Айтылуу "Ош" базары 40 жыл мурун кантип түптөлгөн. Архивдик сүрөттөр