Адис: Кыргызстандагы климат эки сценарий менен өзгөрүшү мүмкүн

Климатолог эгер адамзат жаратылыш ресурстарын сактап, үнөмдөп коргобосо, кылымдын соңунда жылдык орточо температура 7,5 градуска жетиши мүмкүн экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ата мекендик климатологдор Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү боюнча эки сценарийди божомолдоп жатышат. Бул тууралуу Борбор Азиянын Жерди изилдөө институтунун кызматкери Андрей Подрезов билдирди.
Адис Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде климат ар дайым өзгөрүп турарын жана анын кесепеттери тууралуу ойлонуу зарылдыгын белгиледи.
"Ата мекендик климатологдор Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнүн оор жана жеңилирээк деген эки сценарийин болжоп жатышат. Биринчиси боюнча айта турган болсок, эгер адамзат жаратылыш ресурстарын сактап, үнөмдөп коргобосо, кылымдын соңунда жылдык орточо температура 7,5 градуска жетет. Жеңил деген сценарий боюнча айтсак, парник газын азайтууга жоопкерчиликтүү мамиле жасалса жылдык орточо температура 3,5 градуска көтөрүлөт. Мындай көрсөткүчтө жаан-чачын көп болот. Анын 30-60 пайызы кышка, 20-40 пайызы жаз-күз айларына туура келет. Ал эми жайкы жаан-чачын мурдагы эле деңгээлде калат. Башкача айтканда, суу керек болуп турган кезде жаан аз болот", — деди климатолог.
Радио
Далбаев: Ысык-Көлдү булгагандарга айып пулду көбөйтүү керек