Кайгуул милициясы Бишкектин мечиттеринде иштей баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кайгуул милициясынын кызматкерлери Бишкектеги мечиттерде иштей баштады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Шаардагы чоң-чоң мечиттерге инспекторлор дайындалган, алар ар апта сайын жума намазга келгендерге жолдо жүрүү эрежелерин сактоо тууралуу эскертип турат.
Имамдар дагы жол эрежелери боюнча баяндарды айтышары белгиленди. Мындай иштер Бишкектин казыяты менен биргеликте жүргүзүлүп жатат.
Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктоочу жаңы аппарат иштей баштады