БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Быйыл биринчи жарым жылдыкта Евразиялык экономикалык биримдикте былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу чекене сооданын көлөмү 1,7 пайызга өскөн. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Чекене сооданын жогорулаганы биримдикке кирген мамлекеттердин баарында байкалган:
Армения — 9,9 пайызга;
Казакстан — 8,8;
Кыргызстан — 6,1;
Беларусь — 4,6;
Россия — 1,1.