ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө

Документтин долбоору Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын отурумунда караларын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. ЕАЭБдин эксперттери дары-дармекти каттоо процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча иштеп жатышканын Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалымат кызматы кабарлады.
Мындай маселе Дары каражаттары боюнча комиссиянын тармактык эксперттик комитетинин кезектеги жыйынында каралып, ага техникалык жактан жөнгө салуу министри Виктор Назаренко жетекчилик кылган.
"Жалпы рыноктун ишинин туруктуулугун жана дары-дармек каражаттарын биримдиктин талаптарына ылайык жүгүртүүнү камсыз кылуу максатында каттоо процедураларын жөнөкөйлөтүү маселелери өтө маанилүү. Алар форумдар менен конференцияларда, бизнестик жолугушууларда дайыма талкууланып келет", — деген министр.
Отурумда ЕЭК кеңешинин долбоору талкууланып жана жактырылган. Документте бир катар эрежелердин жоболорун оңдоо каралган, тагыраагы, дарыны каттаган күбөлүктөрдү мөөнөтсүз берүү эрежелерин өзгөртүү белгиленген.
Жөнгө салуу процедурасы менен кошо эле бир убакта каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү да жакшыртылган.
Долбоор быйылкы жылдын IV кварталында ЕЭКтин коллегиясынын отурумунда каралары айтылды.
ЕАЭБде дары-дармекке дефицит жок, болбойт дагы. ЕЭКтин билдирүүсү