Чек ара кызматы: Казакстан "Ак-Тилектен" бир күндө үч унаа өткөрдү

Ведомство бул боюнча казак тарап менен жолугушуу өткөрүү маселесин карап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бүгүн, 21-августта, "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунун алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматта саат 18:30га карата мамлекеттик чек арада Кыргызстандан чыгуу үчүн кезекте 370ке жакын унаа тургандыгы айтылат.

"Кыргызстандын Чүй тилкесиндеги чек арачылары унаалардын жай өтүшүнүн себеби боюнча казак өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү маселесин карап жатат. Саат 09:00дөн 18:00гө чейин казак тарап үч унаа өткөрдү", — деп билдирди Чек ара кызматы.

Ведомство алар эч кандай чектөө киргизбегенин жана өткөрүү пунктулары кадимки тартипте иштеп жаткандыгын кошумчалады.
Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Үч милиция кызматкери кармалды