Радио

Быйыл мамлекеттик курулуштар үчүн 9 млрд. сомго жакын акча каралды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин маалыматтык-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Нуржан Исаева өлкө боюнча курулушу бүтпөгөн, оңдоо иштерине муктаж 208 мектеп бар экенин айтты.
Sputnik
Быйыл мамлекеттик курулуштарды жүргүзүүгө жана оңдоп-түзөөгө 9 миллиард сомго жакын акча каралды. Көбү мектептерди курууга жумшалып, иш кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Нуржан Исаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул жылы мектеп, бала бакчалардын курулушуна бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйүп, республикалык бюджеттен сырткары казыналык милдеттенмелерден дагы акча которулуп жатат.
"Быйыл өкмөт мектеп, бала бакчалардын курулушуна өзгөчө көңүл бөлүп, каржылоону да жакшыртты. Авариялык абалдагы билим берүү мекемелери оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Ушул жылга мамлекеттик курулуштарды жүргүзүүгө жана оңдоп-түзөөгө 9 миллиард сомго жакын акча каралды. Анын көбү мектептерди курууга жумшалып, иш кызуу жүрүүдө. Республика боюнча курулушу бүтпөгөн, түзөтүү иштерине муктаж мектептердин саны 208ди түздү. Республикалык бюджеттен сырткары казыналык милдеттенмелерден дагы акча которулуп жатат", — деди Исаева.
Ошондой эле адис 50 бала бакчанын курулушуна бюджеттен 500 миллион сом акча каралганын кошумчалады.