Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, бир адам көз жумду. Видео

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болду
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя Октябрь районундагы 3-кичи райондо болгон. Саат 15:31де жерине эки өрт өчүрүүчү машина жана штаб тартылган.
Өрт саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, өрттөн бир адам каза болгон, жабыркагандардын саны такталууда.
Аламүдүндө тоодон параплан менен учкан россиялык жаран кулап түштү
Аламүдүндө тоодон параплан менен учкан россиялык жаран кулап түштү