Бишкектеги батирден чыккан жарылуу. Окуянын жаңы жагдайлары

Тез жардам кызматы ар кандай жаракаттар менен 54 жаштагы аял менен 12 жаштагы бала түшкөнүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан жарылуудан улам түштүк кореялык 50 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБ билдирди.
Буга чейин көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатында жарылуу болуп бир адам каза тапканы, жалынды эки өрт өчүрүүчү машина өчүргөнү кабаланган. Күбөлөр бир нече адам жанын аман алып калуу үчүн терезеден секирип кеткенин айтышкан.

"Саат 15:40та Бишкек ШИИББге 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ боллон жарылып кеткени тууралуу маалымат түштү. Жерине келген ыкчам-тергөө тобу 1973-жылкы түштүк кореялык Л.С. аттуу аялдын сөөгүн табышкан. Алгачкы кароодо анын денесинен кыйноонун белгилери аныкталган эмес. Эки жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Тергөөгө чейинки текшерүү иши башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — дешти милициядан.

Тез жардам кызматы ар кандай жаракаттар менен 54 жаштагы аял менен 12 жаштагы бала түшкөнүн билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, алар үчүнчү кабаттын терезесинен секирип кетишкен.
Аламүдүндө тоодон параплан менен учкан россиялык жаран кулап түштү