БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Алыш белбоо күрөшү боюнча улуттук федерация менен Дене тарбия жана спорт департаменти белбоо күрөшү тууралуу мыкты чагылдырган материалга сынак жарыяларын билдиришти.
Департаменттен маалымдалгандай, сынактын максаты – алыш күрөшүнүн жаралуу тарыхын жайылтуу жана спорттун түрү катары даңазалоо.
Материалдар Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсү,17 дарегинде кабыл алынмакчы.
"Сынакка жазылган материалдар, телевизиондук сюжеттер жана радиоберүүлөр кабыл алынат. Негизги маңызы алыш күрөшүнүн келип чыгуу тарыхы жана өнүгүүсүн баяндашы керек", —деп айтылат маалыматта.
Мыкты материалдар Дене тарбия жана спорт департаментинин баракчасына жайгаштырыларын билдиришти.
“Жиберилген материалдар департаменттин менчиги болуп саналат жана жайылтууда автордун уруксаты керектелбейт", — деп кошумчалашкан мекемеден.