22-августка карата аба ырайы

22-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. 22-август, шейшембиде, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас өрөөнүндө +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +32...+37, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын жергесинде +25...+30 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +33...+35, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +23...+25 градуска көтөрүлөт.
КРдин футболчуларынын ДЧ тандоо туру алдында ким менен ойноору белгилүү болду