Бирок көп өтпөй журналисттер туура эмес түшүнүп алышыптыр деген тейде түшүндүрүүгө аракет кылышты. Анткен менен дүйнө билдирүүнү олуттуу кабыл алды, себеби улам бир саясатчы "кореялык сценарийден" да кеп салып турганы маалым. Киевдик режимди эмнеге даярдап жатышканын Михаил Катков жоромолдоп көргөн. Автордун ушул жагдай жаатындагы кезектеги макаласы да РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Жер маселеси
Йенсен оозун жыйып бүтө электе кайра кечирим суроого да үлгүрдү. Ошентсе да украиналык бийлик анын айткандарын ар кандай жоруп турат. ТИМ спикери Олег Николенко аны болбогон кеп деп атады. Киев территориялары менен соодалашпастыгын баса белгилеп, ал эми канцелярия жетекчисинин билдирүүсү "Россияга жага бербей калганын" айтты.
Президент кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Йенсендин сөзү "Путиндин триумфу" катары баалады. Анын пикиринде, мындай келишим согуштук аракеттердин келерки муунга да өтүп кетишине алып келет.
"Слуга народа" парламенттик фракциясынын лидери Давид Арахамия территориялардан баш тартуу "россиялык агрессияга" кептей турганын билдирет. Россиянын Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев ал жактагы территориялардын баары "жогорку даражада талашта" экенин белгиледи. Атап айтканда, НАТОго кошулардан оболу Украина Киевден баш тартып, баш калааны Львовго көчүрүүгө аргасыз болуп калары да ажеп эмес.
Россия Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Йенсендин билдирүүсүн Кошмо Штаттардын украиналык иштен чарчай түшкөнүнүн белгиси катары баалады.
"Алар Ак үй бүт дүйнөнү кептеген туңгуюктан чыгуу аракетин көрсөтүүгө тийиш эле. Мына ошондон улам ушундай кептер башталууда, — дейт ал.
Территорияга тынчтыкты алмашуу
Жыл башында швейцариялык Neue Zürcher Zeitung басылмасы ушуга үндөш бир макала жарыялаган. Анда АКШ Россия менен Украинага азыркы натыйжаларды моюнга алуу менен согуштук аракеттерди токтотууну сунуштаганы туурасында айтылган. Ортого Москва менен Киевге барып келген Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс түшкөнү да жазылган. Бирок касташкан тараптар андан баш тарткан имиш. Анткен менен эки тарап тең андай маалыматты төгүндөгөнү белгилүү.
Ушул тапта, украиналык контрчабуулдан майнап чыкпай турганы айкын болуп калганда Батыш маалымат каражаттары бул темага кайра кайрылышты. Маселен, The Economist газетасы Украина Россия менен территориялык талаш-тартыштарын жөнгө салганда гана кире аларын жазса, EUobserver интернет-ресурсу азыркы учурдагы "тынчтык пландарынын" көпчүлүгү тынчтыкты территорияларга алмашууга негизделгенин белгилейт. Байкоочулардын көпчүлүгү Киевдин сабырсыздыгына кыжырданышат, себеби эч ким узакка созулган куралдуу кагылышка кызыкдар эмес.
НАТОнун мурдагы башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен Вильнюстагы саммиттин алдында Украинаны бөлүп-бөлүп кабылдоону сунуштап, ФРГ менен ГДР ортосундагы тарыхый окуяны эске салган. "Кореялык сценарий" негедир украиналык медиада көп аталчу болду. Башкача айтканда, алардын баамында Россияга баш ийген территориялык "түндүк кореялык тозокко", ал эми калган Украинаны Батыш "гүлдөгөн бакчага" айлантат. Айрым аскерлер да согуштук аракеттерди тезирээк бүтүрүү керектигин, көз карандысыздык кыйла маанилүү экенин айтышат.
Тамырын тартып көрмөйбү?
Саясат таануучу Александр Дудчак Йенсендин билдирүүсү алдын ала сынап көрүү аракети деген ойду айтат. НАТОдогулар керектүү кабарлардын баарын топтогон соң, анын сөзүн төгүндөп коюшту.
"Согуштук аракеттерден пайда көрүп жаткандар бул кызыкчылыктарды сатуу деп кыйкырып, ошол эле учурда согуштук аракеттерди токтотууну көксөгөндөр да көп. Москва сунушту карап чыгууга даяр, бирок кесепеттери жөнүндө да ойлонуу кажет.
Атайын аскердик операциянын токтотулушу кийин – Киев өзүн күчтүү сезип калганда кайрадан жанданышына алып келиши мүмкүн. Украинанын такыр аргасы түгөнгүчө уланткан оң", — дейт ал.
Саясат таануучу Сергей Марков НАТО али бир чечимге келе электигин боолголойт. "Россиянын жеңилиши негизги сценарий, бирок Украинаны альянска жарым-жартылай кабыл алуу варианттары да каралат. Москва буга макул эмес. Негизги максат — Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо. Башкача айтканда, жанында Индияныкындай (Пакистан – ред. тактоосу), Израилдикиндей (Палестина – ред. тактоосу) антагонист болбошу керек", — деп белгилейт эксперт. Анын айтымында, тил табышуу жолдорун издөөгө болот, бирок соңунда Россия тараптан макулдук берилиши керектиги түшүнүктүү. Бирок бул эксперт да согуштук аракеттерди токтотууну Киевдегилер жаңжалды бүтүрүү эмес, экинчи айлампа алдындагы тыныгуу катары кабыл алышы ыктымал.