БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd компаниясынын төрагасы Ван Да менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Андай белгиленгендей, тараптар бардык тармакта кызматташууну талкуулашкан. Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн суу ресурстарынын потенциалы толук пайдаланылбай жатканын айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd компаниясынын төрагасы Ван Да менен жолукту
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
"Биз мөңгүлөрдүн башында турабыз. Ошондуктан экологиялык таза сууну Кытай, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспорттоого даярбыз. Бул жаатта "Лаошан" өңдүү ири компаниялардын тажрыйбаларына муктажбыз", — деген Жапаров.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd. компаниясы суу менен камсыздоо боюнча иш алып барып, суусундуктарды чыгарат. Анын башчысы Кыргызстандан Кытай аркылуу Европа өлкөлөрүнө ичүүчү таза сууну экспорттоого кызыкдар экендигин билдирген.
Акылбек Жапаров СУАРга болгон сапарынын соңунда Үрүмчү шаарындагы эркин экономикалык аймагына барып, электрондук соода ишмердүүлүгү менен таанышкан.