"Луна-25" станциясынын талкаланганы айтылды

Роскосмостон "Луна-25" станциясы эми жок экенин билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча, автоматташтырылган "Луна-25" станциясы пландалбаган орбитага чыгып кетип, Ай менен кагышып, андан кийин ишин токтоткон. Бул туурасында РИА Новости Роскосмостун маалымат кызматына таянып жазды.

“Алдын ала жасалган анализдердин жыйынтыгы реалдуу импульстун параметрлеринин эсептелгенден четтеп кетип, анын кесепетинен "Луна-25" космостук кемеси конструкциядан тышкаркы орбитага өтүп кеткен. Айдын үстүңкү катмары менен кагылышып иштөөсүн токтотконун көрсөттү”, — деп билдиришкен мамлекеттик корпорациядан.

19-августта саат 14:57 чамасында "Луна-25" менен байланыш үзүлгөн. Аппаратты издөө жана аны менен байланышты калыбына келтирүү боюнча көрүлгөн чаралар эч кандай натыйжа берген эмес. Роскосмостон атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия станциянын бүлгүнгө учураган себебин аныктаарын айтышты.
С.А.Лавочкин атындагы илимий-өндүрүштүк бирикмеде дээрлик 50 жылдын ичинде биринчи ата мекендик Ай станциясы түзүлгөн. "Союз 2.1б" ракетасы "Восточный" космодромунан Москва убактысы боюнча саат 02:11де учурулган. Тогуз мүнөттөн кийин "Луна-25" станциясы менен бараткан "Фрегат" ылдам блогу ракетанын үчүнчү баскычынан бөлүнүп, Жерди айланган орбитага чыккан.
"Автоматтык станция Айга учуу траекториясына чыгарылды жана "Фрегат" блогунан бөлүнүп чыкты. Автоматтык станция бийиктиги 100 чакырымга жеткен Айды айланган орбитага 16-августта чыгып, ал эми Жердин спутнигине 21-августта конору күтүлүүдө (эллипс борборунун координаттары түштүк кеңдиги 69,5450 градус жана чыгыш узактыгы 43,5440 градус)", — деп айтылган баштапкы маалыматта.
Учуу убагында станция Жерге илимий приборлордон алынган маалыматтарды, ошондой эле Айдын Түштүк уюлундагы Зееман кратеринин сүрөтүн кошуп алганда бир нече фотосүрөт берген.
21-августта станция Айдын түндүгүндөгү Богуславский кратеринин көрүнгөн тарабына конот деп болжолдонгон. Станциянын негизги максаты — муздун бар-жогун аныктоо үчүн Айдын топурагына изилдөө жүргүзүү экени айтылган.
47 жыл мурда Айдан келген өтө баалуу 170 граммдык топурак. Видео