"Ынтымак" командасы көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө кубогун жеңип алды

Жеңген улакчылардын командасына алтын медаль жана 2 миллион сом ыйгарылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстандын "Ынтымак" командасы көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнө кубогун жеңип алды.
Жогорку лиганын финалында "ынтымакчылар" Казакстандын "Астана" командасынын улакчылары менен күч сынашып, кыргыз спортчулары 10:1 эсебинде утуп алышты.
"Ынтымак" командасына алтын медаль жана 2 миллион сом байге тапшырылды. "Астана" командасы бир миллион сомго ээ болду. Үчүнчү орунду Кыргызстандын дагы бир командасы — "Достук" алып, ага 800 000 сом ыйгарылды.
Биринчи лиганын жеңүүчүсү деп кыргызстандык "Жаштык" командасын аныкташты.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Венгрия, Монголия жана Россиянын улакчылары катышты. Мелдеш Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 13-20-август күндөрү өттү.
Эрендердин оюну. Чолпон-Атада өткөн көк бөрү дүйнө кубогунан 20 сүрөт