ЕАЭБде курулуш темпи активдешти. ЕЭКтин алты ай боюнча маалыматы

Биримдиктин өлкөлөрүндө 61,9 миллион чарчы метрлик турак жайды пайдаланууга беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндө курулуш иштери активдеше баштады. Тагыраагы, бул аймакта 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында өсүш 9,7 пайызга чыкканын ЕЭКтен билдиришти.
Бул жаатта Арменияда өсүш жогору экендигин 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырган төмөнкү сандардан көрүүгө болот:
Арменияда – 48,9 пайыз;
Кыргызстанда – 22,9 пайыз;
Казакстанда – 12,3 пайыз,
Беларуста – 12,1 пайыз;
Россияда – 9,2 пайызды түзгөн.
Биримдиктин өлкөлөрүндө 61,9 миллион чарчы метрлик турак жайды пайдаланууга беришкен.
Кыргызстандын экспортунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үлүшү канча? Статистика