Радио

Кулжанова: энелердин бала менен отурган мезгили камсыздандыруу стажына кирет

Социалдык фонддун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова энелердин бала карап үйдө отурган жылдары пенсияга чыгарда камсыздандыруу стажына кирерин айтты.
Sputnik
Пенсияга жаш курагы жеткенде аялдар бизге паспорт, эмгек китепчеси жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алып келет. Ошолордун негизинде анын бала багып үйдө отурган учурунун алты жылы камсыздандыруу стажына кошулат. Бул тууралуу Жылдыз Кулжанова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бала менен үйдө отурган учурга камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнбөсө да стаж катары эсептелет.
"Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн эмес, бирок биздин пенсиялык мыйзамдардын негизинде энелердин бала төрөп үйдө отурган учуру камсыздандыруу стажы болуп эсептелет. Бир жагдай, ал канча жыл бала менен үйдө отурса да, алты гана жылы алынат. Ал үчүн пенсияга чыгып жаткан аял документтерине балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кошо тапшырышы керек. Адатта эмгек стажы болуш үчүн жаран иштеп жүргөн учурунда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү төгүп берүүгө милдеттендирилет. Бирок аял бала менен үйдө отурган учуру үчүн төлөм жүргүзбөсө да ал камсыздандыруу стажы болуп кете берет. Мындан сырткары, 80 жаштан ашкан карыяларга, майып адамдарга камкорчу болгон жарандардын да мындай иштери камсыздандыруу стажы катары алынат. Ошондой эле аскер кызматын өтөгөн учур жана 1999-жылга чейин жогорку окуу жайда окуган болсо, бул учурлардын бардыгы стажга кошулат", —деди Кулжанова.
Ал баласы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген энеге айлык акы берилип, анын эсебинен пенсиялык төлөмдөр алынарын жана стаж эсептелерин кошумчалады.