Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Новгород облусундагы аскердик аэродромго дрондор менен чабуул жасады

Террордук актынын кесепетинен бир самолет жабыркады, жаракат алган адамдар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бүгүн Москва убактысы боюнча саат 10:00 чамасында (Бишкек убактысы менен 13:00) Украина куралдуу күчтөрү учкучсуз аппараттар менен Новгород облусундагы аскердик аэродромго чабуул жасады. Бул туурасында Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Дрондорду аэродромдун сырткы байкоосундагы посттор аныктап, аткычтар куралы аркылуу мизи кайтарылганы белгиленди.
"Терактынын кесепетинен аэродромдун аймагында учактар токтотуучу жайдан өрт чыкты. Аны өрт өчүрүүчүлөр ыкчам түрдө өчүрүп жетишти. Террордук актынын айынан бир самолет жабыркады, жаракат алган адамдар жок", — деп айтылат маалыматта.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Москвага сокку урмак. Түндө Украинанын эки учкучсуз аппараты атып түшүрүлдү