Көлдө "Мейкин Азия" фестивалы башталып, 13 өлкөнүн ырчылары катышууда. Видео

Биринчи күнүндө конкурсанттар ырларды өз эне тилинде аткарышты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кечээ, 18-августта, Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын "Мейкин Азия" аттуу III эл аралык фестивалы башталды.
Анда Бишкектен чыккан дүйнөгө таанымал ырчы Amirchik сыйлуу конок катары келип, чыгармаларын тартуулады. Андан соң конкурсанттар өз эне тилинде ырларды аткарышты.
1 / 5

Кечээ, 18-августта, Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын "Мейкин Азия" аттуу III эл аралык фестивалы башталды.

2 / 5

Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцеговина, Россия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен 18ден 35 жашка чейинки ырчылар катышууда.

3 / 5

Кыргызстандын атынан Руслан Асанкан, Абай Сериков, Касиет Идрисова ат салышууда.

4 / 5

Бүгүн фестивалдын экинчи күнү, катышуучулар дүйнөлүк ырларды ырдашат.

5 / 5

Сыйлуу конок болуп келген Arabesque тобу да сахнага чыгат. Концерт 20:00дө башталат.

Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцеговина, Россия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен 18ден 35 жашка чейинки ырчылар катышууда. Кыргызстандын атынан Руслан Асанкан, Абай Сериков, Касиет Идрисова ат салышууда.
"Кичине болсо дагы жакшы сезимдер калсын деп баш байгеге 5000 доллар, экинчи орунга 3000 доллар, үчүнчү орун эки кишиге 1000 доллардан берилет. Мындан сырткары, чет мамлекеттерден ар бир муун сүйүп уккан жылдыздарды чакырганбыз. 2013-жылы фестивалды Димаш Кудайберген утуп алып, дүйнө жүзүнө жылдызы жанды. Бул фестивалдын башталуу тарыхы жакшы", — деди маданият министри Алтынбек Максүтов.
Бүгүн фестивалдын экинчи күнү, катышуучулар дүйнөлүк ырларды ырдашат. Сыйлуу конок болуп келген Arabesque тобу да сахнага чыгат. Концерт 20:00дө башталат.
Ош шаарында беш өлкөнүн бийчилери жөө жүрүш жасашты