Радио

Мектепке электрондук каттоого жетишпегендер эми комиссияга кайрылса болот

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук билим берүү башкармалыгынын тарбия иштери жана тарбиялоо боюнча башкы адиси Гулира Молдоисаева мектепке электрондук каттоодон өтө албай калгандар үчүн райондордо комиссия түзүлгөндүгүн айтты.
Sputnik
Райондук билим берүү борборлорунда мектепке электрондук каттоо боюнча жетишпей калган тургундардын арыздарын караган комиссия августтун акыркы жумасына чейин иш алып барат. Бул тууралуу Гулира Молдоисаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ички мигранттардын көбү баласын мектепке киргизүү боюнча электрондук каттоодон өткөрө албай калышкан.
"Мектепке кирүү боюнча каттоо негизи электрондук кезек менен жүрүп жатат. Бирок шаардагы мектептерде квоталар толуп калгандыктан айрымдар баласын каттоого кое албай жатат. Бул себептен атайын Бишкек шаарындагы райондордо комиссия түзүлүп, келген арыздарды 11-августтан тарта карап баштады. Бүгүнкү күнгө чейин 300 арыз келип түштү. Түзүлгөн комиссия августтун акыркы жумасына чейин иштейт. Комиссиялардын курамында билим берүү борборлорунун, райондук акимиаттардын, социалдык өнүгүү башкармалыктарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык сектордун, балдардын укуктарын коргоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү бар", — деди Молдоисаева.
Ал ошондой эле мектепке электрондук каттоого жетишпей калгандардын арасында РФтен кайтып келгендер да бар экенин кошумчалады.