Кыргызстандык ишкерлер Кытайга 1 млрд. сомдук товар сатуу келишимине кол коюшту

Көргөзмөгө 32 өлкөдөн барган 1 300 компания ар кайсы тармактар боюнча катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлер "ЭКСПО: товарлар жана соода — 2023" Кытай — Евразия көргөзмө-жарманкесинде 1 миллиард сомдук келишимге кол коюшту. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
1 / 2

Кыргызстандык ишкерлер "ЭКСПО: товарлар жана соода — 2023" Кытай — Евразия көргөзмө-жарманкесинде 1 миллиард сомдук келишимге кол коюшту.

2 / 2

Масштабдуу ЭКСПО көргөзмөсү Үрүмчү (СУАР, Кытай) шаарында өтүп жатат, 21-августта жыйынтыкталат.

Масштабдуу ЭКСПО көргөзмөсү Үрүмчү (СУАР, Кытай) шаарында өтүп жатат, 21-августта жыйынтыкталат. Ага 32 өлкөдөн 1 300 компания жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле айыл чарба тармагы боюнча катышууда. Жалпысынан жарым миллиард юандык келишимдерге кол коюлганы белгилүү болду. Анын ичинен кыргызстандык компаниялар бал (суммасы 500 миллион сомдон жогору), эт (100 миң тонна) жана балык продукцияларын сатууга макулдашкан.
"Бул көргөзмөгө катышуунун негизги максаты — кыргыз товарларын Кытайдын рыногунда жайылтуу", — деп билдирди министрлик.
Кыргызстандын минералдык сууларынын экспорту 4 эсе өстү. Алган өлкөлөр