Кыргызстанга кумшекердин жарымынан көбү ЕАЭБден ташылат

Өлкөгө биринчи жарым жылдыкта 15 мамлекеттен аталган азык импорттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстанга импорттолгон кумшекердин жарымынан көбү Евразия экономикалык биримдигинен алынат. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети чыгарган.
Өлкөнүн өзүнөн чыгарылган кант толугу менен камсыздай албайт. Былтыр Айыл чарба министрлиги 2024-жылы 85-90 пайызга камсыздап каларын убадалаган.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи алты айында Кыргызстанга 30,2 тонна кумшекер импорттолду:
Саткан өлкөлөр:
Россия — 14 198,1 тонна (кийинкилери да тонна менен эсептелет);
Пакистан — 6 020;
Индия — 4 499,3;
Азербайжан — 2 429,6;
Беларусь — 2 069,6;
Таиланд — 780,0;
Казакстан — 88,1;
Бириккен Араб Эмирлиги — 54,9;
Иран — 41,6;
Польша — 1,9
Бельгия менен Германия — бир тоннадан;
Түштүк Корея — 0,8;
Түркия — 0,3.
Ошондой эле Швейцария менен Италиядан да бир аз өлчөмдө алып келинген.
Эске салсак, Россия, Беларусь жана Казакстан ЕАЭБдин мүчөлөрү болуп саналат. Демек, бул интеграциялык уюмдан 16,3 миң тонна кумшекер ташылган, бул жалпы импорттун жарымынан көбүн түзөт.
Кыргызстан чет жактан алган өсүмдүк майынын ири көлөмү ЕАЭБден импорттолот