Радио

ЕАЭБде үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө басым жасалууда

Айыл чарба министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү жана үчүнчү өлкөлөр менен үрөн алмашып келерин айтты.
Sputnik
Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) үрөнчүлүк тармагын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн сапатын жогорулатууга басым жасалууда. Бул тууралуу Бакыт Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дан эгиндеринин үрөндөрү көбүнесе Россия менен Казакстандан импорттолот.
"Кыргызстандын аймагында пайдаланууга уруксат берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин реестри бекитилген. Анын натыйжасында алып келинген сортторду жайылтууга, айдоого тыюу салынбайт. ЕАЭБдин алкагында да үрөнчүлүк тармагын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн сапатын жогорулатууга басым жасалууда. Бул жаатта кызматташуу кызуу жүрүп турат. Бизге дан эгиндеринин үрөндөрү көбүнесе Россия менен Казакстандан импорттолот", — деди Мамбетов.
Ошондой эле адис үрөнчүлүк чарбалардын ишине жаңы талаптар кирип, жеңилдиктер да каралганын кошумчалады.