"Бишкек асфальтсервис" ишканасына жумушчулар керек. Шарт-талабы

Ишканага жол куруучулар, асфальт-бетон төшөөчүлөр, атайын техниканын айдоочулары изделүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы жумушчуларды чакырат.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, аталган ишканага 41 жол жумушчусу жана асфальт-бетон төшөгөн тогуз адам керек.
Ошондой эле тажрыйбасы бар айдоочулар талап кылынат:
HOWO атайын техникасына беш айдоочу;
КамАЗ айдаганга эки айдоочу;
Экскаватор айдаганга эки айдоочу керек.
Бардык суроолор боюнча 0312 37 77 17 жана 0312 37 76 55 номерлери аркылуу кайрылууга болот.
Маалыматта жумушка орношууну каалагандар менен маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Хвойная көчөсү, 70 дарегинде өтөрү белгиленген.
Бишкек мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат