БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында "Бишкек башкы архитектура" менен биргеликте "Барселонанын" көп функционалдуу комплексинин долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу "Ак-Башат" долбоордук институту билдирди.
Эске салсак, "Барсанын" мурдагы легендарлуу оюнчулары Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Ривалдо жана башкалар Кыргызстанга август айынын соңунда Жалал-Абаддагы испан клубунун академиясынын расмий ачылышына келишет.
Болочокто академияны Бишкекте дагы ачуу пландалууда. Франшизаны жергиликтүү компания алган. Бул сапардын алкагында "Барса" менен Борбор Азия легендаларынын ортосунда жолдоштук беттеш өтөт.
Муниципалдык ишкана шаар куруу кеңешинде бекитилген долбоорду иштеп чыкты. Мындан тышкары, долбоордо "Барселона" тараптан консультант катары испаниялык Torrella архитектуралык-инженердик компаниясы катышты. Анын стадиондорду долбоорлоо боюнча 60 жылдык тажрыйбасы бар.
Аймакта төмөнкүлөр каралган:
"Барселонанын" академиясы;
машыгуу талаалары;
10 000 орундуу стадион;
медициналык-реабилитациялык борбор;
жалпы билим берүү борбору;
бала бакча;
1,5 гектар жерге көлмөсү бар сейилдөөчү парк;
соода-көңүл ачуучу комплекс;
бизнес-борбор;
отель;
апартаменттер;
4 500 автоунаа үчүн жер алдындагы автоунаа токтотуучу жай;
олимпиадалык стандарттагы бассейн.