БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкекте батирлерди ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды. Бул туурасында акимчиликтен билдирди.
Мындай текшерүүлөр шаардыктардын көп даттанууларынан улам жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында жүрүп жатканы белгиленди. Анын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү салык инспекторлору менен биргеликте үйлөрдү кыдырууда.
"Борбор калаа өнүгүп-өсүп жатат, ошону менен бирге батирди мыйзамсыз ижарага бергендер көбөйүүдө. Көптөгөн турак жай ээлери салыктарды төлөп келет, ал эми айрымдары мыйзамсыз батир бизнесин улантууда", — деп айтылат маалыматта.
Райондук администрациянын маалыматына ылайык, батирин ижарага бергендер айына 1 чарчы метр үчүн 30 сомдон, жер үйлөргө 40 сомдон салык төлөшү шарт. Андан сырткары, Соцфондго 919 сом төгүп, камсыздандыруу полисин алышы керек.
Болбосо жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.