"Барселонанын" легендасы Ривалдо кыргызстандыктарга кайрылды. Видео

"Барсанын" легендарлуу мурдагы оюнчулары Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Ривалдо жана башкалар август айынын соңунда Кыргызстанга келишет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Барселона" менен Бразилия курама командасынын легендасы Ривалдо кыргызстандыктарга кайрылды.
Ал август айынын соңунда Бишкекке келерин жана бул өлкөдө футбол ойноого кубанычта болорун айтты.
Ривалдо 1997-жылдан 2002-жылга чейин "Барселона" үчүн ойногон. Анын курамында жүргөндө бир нече титулдарды утуп, эки ирет Испаниянын чемпиону аталган. 1999-жылы беделдүү "Алтын топ" сыйлыгына татыган (дүйнөнүн мыкты оюнчусу). 2002-жылы Бразилиянын дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетишине чоң салым кошкон.
Эске салсак, "Барсанын" легендарлуу мурдагы оюнчулары Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Ривалдо жана башкалар август айынын соңунда Кыргызстанга келишет. Алар испаниялык клубдун Жалал-Абаддагы академиясынын ачылыш аземине катышат. Ушундай эле академиянын Бишкектеги имаратынын курулушуна капсула салуу пландалууда. Франшизаны жергиликтүү компания сатып алган. Анын алкагында "Барса" менен Борбор Азия легендаларынын жолдоштук беттеши уюштурулат.
Бишкекке курула турган "Барселонанын" спорт комплексинин долбоору. Эскиз