20-августка карата аба ырайы

20-августта түнкүсүн өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Талас өрөөнүндө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +32…+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +23…+28, Нарында +25…+30 градуска жетет.
Абанын табы Бишкекте +33…+35, Ош калаасында +35…+37, Чолпон-Атада +14…+19 градус ысыйт.
Күздүн башында суук түшөбү? Сентябрга карата аба ырайы