Былтыр жаштар саясатын жүргүзүүгө бөлүнгөн 4 миллион сом бир форум уюштурууга гана жеткен. Быйыл бул каражат 10 эсеге көбөйдү. Ал эми эмдиги жылы өкмөт 100 миллион сом бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Марат Тагаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө келечектеги лидерлер мектеби ачылат.
"Соңку жылдары өлкөдө жаштар саясатын жүргүзүүгө жакшы каражат бөлүнбөй, бул багытка мамиле абдан солгундап кеткен. Быйылтан баштап өкмөт колго алып, түрдүү долбоорлорду ишке ашырганы турабыз. Алардын бири — жети дубандын алдыңкы жаштарын чогултуп, мыкты педагогдор сабак берген келечек лидерлер мектебин ачуу. Мындан сырткары, балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шарт түзүү боюнча конкурс жарыяладык. Ал республикадагы шаарлар арасында жүрөт. Конкурстун бюджети 6 миллион сом. Уткан муниципалитет каражатка ээ болот. Ошондой эле жаштардын келечекке пайдалуу долбоорлорун колдоо максатында мамлекеттик, социалдык заказ аркылуу алар менен иштешебиз. Башкача айтканда, мурда донорлордун жардамы менен ишке ашырылып келген жаштардын түрдүү социалдлык долбоорлорун эми мамлекет колдоого алат. Бул багытта 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин кайтарымсыз каржы долбоордун авторлоруна бөлүнөт", — деди Тагаев.
Ал ошондой эле аймактарды кыдырып жаштарга түрдүү багыттар боюнча окутуулар жүргүзүлөрүн кошумчалады.