Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун кооптуу тилкелери кеңейтилди

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын айылы.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга бара турган жалгыз автоунаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтилди. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
1 / 2

Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга бара турган жалгыз автоунаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтилди

2 / 2

Атайын техника жана жолчулар Сох-Кан — Зардалы жолунун 53-85-чакырым аралыгындагы бир унаа араң өтө турган тилкелерди тазалап, кооптуу жерлерди кеңейтишкен.

Атайын техника жана жолчулар Сох-Кан — Зардалы жолунун 53-85-чакырым аралыгындагы бир унаа араң өтө турган тилкелерди тазалап, кооптуу жерлерди кеңейтишкен.
Белгилей кетсек, Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Аны башка айылдар менен жалгыз гана унаа жол туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.
Ишти саат 6да баштагыла! Транспорт министри Ысык-Көлдөгү жолчуларды тилдеди