Скутер иштеткендер да, эс алуучу да кармалды. Пляждагы мушташтын жаңы видеосу

Милиция берген маалыматта эс алуучу скутердин ээсин биринчи уруп жибергени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кош-Көлдөгү пляжда чыккан мушташ боюнча эки тарап тең бири-бирине арыз жазып, үч адам кармалды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иштери козголгон. Скутердин ижарачылары А.Ж., С.А. жана эс алуучу С.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эми алардын бөгөт чарасы сот тарабынан каралат.
"Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү, тартылып калган видеолор толук иликтенди. Скутерди белгиленген убакыт менен айдоо боюнча талаша кетишип, эс алуучу скутердин ээсин биринчи уруп жиберген. Анан скутер иштеткен башка балдар кошулуп ата-баланы сабашкан", — деп билдирди милиция.
Белгилей кетсек, аталган окуя 16-августта Кош-Көл айылындагы "Радуга Вест" эс алуу борборунун жанында болгон. Алгач Алматыда жашаган Кыргызстандын жараны, 55 жаштагы С.Д. жана анын 27 жаштагы уулу С.Э. жабырлануучу катары милицияга кайрылган. Мунун негизинде скутер иштеткен 18 жаштагы үч жигит Тамчы айылдык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын бирөө Бишкектин, экөө Кош-Көл айылынын тургундары.
Чуулгандуу "Золотые пескиде" кыздардын мушташкан видеосу тарады. Үчөө камалды