БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өмүрбек Текебаев менен Бактыбек Аманбаевге кошумча Финляндия жана Канададагы элчилик милдетти такты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Текебаев КРдин Германиядагы элчилик милдетин Финляндияныкы менен кошо айкалыштырып алып кетмей болду. Анын резиденциясы Берлин шаарында жайгашмакчы. Текебаев Германиянын элчиси болуп 2022-жылдын февраль айынан тарта иштеп келет.
Жапаровдун башка жарлыгы менен Бактыбек Аманбаевдин АКШдагы элчилик кызматына Канададагы элчилиги кошулду. Резиденция Вашингтон калаасында жайгашат. Ал Штаттарда 2021-жылдын апрель айынан тарта иштеп келе жатат.