УКМК: Сирияда согушуп жүргөн эки кыргызстандык алып келинди

Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Сирияда террордук уюмдун катарында согушка катышкан эки шектүү алып келинди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алар 29 жана 30 жаштагы эркек кишилер. Маалыматка караганда, шектүүлөр согуштук аракеттерге катышар алдында атайын даярдыктан өтүшкөн.
Колго түшкөндөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 2019-жылдан бери алар оор кылмыштарга айыпталып изделип жаткан.
Айыл өкмөт башчы: бийлик террорчуну кармоодо талкаланган үйдү оңдоп бербейт