Администрация: Садыр Жапаров “Барселонанын” легендалары менен таймашат

Президент Жапаров Роналдиньо жана башка дөө-шаа футболчулар менен ойнойт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Испаниянын “Барселона” футболдук клубунун легендага айланган оюнчулары менен жашыл майсаңда беттешет. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазды.
Мамлекет башчы Борбор Азиянын легендарлуу футболчуларынын командасынын курамында ойномокчу.
Оюн 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 19:00дө "Барселона" футболдук клубунун ардагерлери менен Орто Азиянын футбол ардагерлеринин ортосунда өтөрү айтылды.
Эске салсак, “Барселона” футболдук командасында Роналдиньо, Ривалдо, Карлес Пуйоль жана башка атактуу футболчулар бар. Алар Кыргызстанга августтун аягында Жалал-Абадда испаниялык клубдун академиясынын ачылышына келмекчи. Келерки жылы Бишкекте дагы бир академияны ачуу пландалууда. Франшизаны жергиликтүү компания алган. Бул сапардын алкагында “Барселона” командасы менен Борбор Азиянын командасынын легендарлуу оюнчулары ортосунда матч болмокчу.
Садыр Жапаров FIFA жетекчиси менен футбол ойноду. Сүрөт