Милиционерлер кармалгандан кийин ИИМде алты жетекчи иштен кеткени айтылды

12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулганы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалгандан кийин 18 жетекчи тартиптик жазага тартылып, алардын ичинен алтоо иштен бошотулду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулганы маалым болду.
Мындай чечим ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын айрым кызматкерлери синтетикалык дарыларды саткандардан акча талап кылган фактылар аныкталып, беш милиционер кармалгандан кийин кабыл алынган.
Милиционерлер тобу мессенджерлер аркылуу синтетикалык баңгизаттарды колдонгон адамдарды аныкташкан. УКМК кылмышка тиешеси барларды видеого тартып, камайбыз деп коркутуп акча талап кылышканын билдирди. Анда кармалгандардын 20 миң сомдон 5 000 долларга чейин берүүгө аргасыз болгону маалымдалды. Кызматкерлер акча алгандан кийин фактыларды жашырып, аларды бошотушкан дешти.
УКМК: милиционербиз деп элди алдап жүргөндөр кармалды. Видео