Кыргызстандын аскердик авиациясына 64 жыл толду. Сүрөт баян

Бүгүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик авиациясында кызмат кылгандардын кесиптик майрамы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги республиканы абадан коргогон жоокерлердин сейрек сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Кыргыз ССРинин аскердик авиациясына Улуу Ата Мекен согуш маалында чыйыр салынып, Фрунзеде Одессадан көчүрүлүп келген авиациялык мектеп иштеген. Ал окуу жай фронтко учкучтарды даярдачу. Жеңиштен кийин СССРдин Абадан коргонуу күчтөрүнүн Фрунзе аскердик-авиациялык окуу жайы делип, авиациялык кадрларды өстүргөн. Ал эми 1959-жылы 18-августта Кыргыз ССРиндеги №23 565 аскер бөлүгүнүн базасында авиациялык окуу полку түзүлүп, ал жактан миңдеген учкуч, авиатехник жана башка адистер чыккан.
Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин аскердик авиация республиканын Куралдуу күчтөрүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланып, адам өмүрүн алган Баткен окуясына, жаратылыш кырсыктарындагы куткаруу иштерине, эл аралык машыгууларга жигердүү катышып келет.
1 / 21

Кыргыздын алгачкы аскердик учкучу Абдували Курбаналиев (оң жакта экинчи турат) Кисловодск шаарында. Согуш маалында ал Фрунзе шаарында учкучтарды тарбиялаган.

2 / 21

Аскердик учкуч Абдували Курбаналиев Кыргыз ССРинин борборунда жаштарга сабак берүүдө

3 / 21

Фронттогулар арасында фрунзелик Ителги деп таанылган кыргызстандык учкуч Касым Ормокоев. Ал Сталинград шаарын коргоодо курман болгон

4 / 21

СССРдин эки жолку баатыры Талгат Бегельдинов Фрунзе-1 горнизонунун аэродромунун комиссары Валимжан Таңырыков менен. 1982-жыл.

5 / 21

Учкуч полковник, КР Куралдуу күчтөрүнүн ардагери Адил Жумабаев, Түндүк Афганстан, 1988-жыл (Адил Жумабаевдин жеке архивинен).

6 / 21

Фрунзе авиация-техникалык училищеси. Союз маалында аталган окуу жайда чет элдик студенттер көп окуган.

7 / 21

Кезинде Кыргыз ССРинде миңдеген аскердик учкуч даярдалган (КР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтердин архиви)

8 / 21

Кыргызстандык учкучтар СССРден чыккан учактардын көпчүлүгүн башкара алышкан. Фрунзе шаары, 1969-жыл.

9 / 21

Абадан коргонууну үйрөнүп жаткан учкучтар

10 / 21

Инструктор-бригадир Алейкин авиациялык училищенин курсанттарына сабак өтүүдө. 1979-жыл

11 / 21

Фрунзедеги авиациялык-техникалык училищенин курсанттары менен жолуккан окуу жайдан начальниги. 1975-жыл

12 / 21

Болчоктогу учкучтар авиациялык техниканы үйрөнүүдө. Фрунзе шаары, 1978-жыл.

13 / 21

Баткен окуясында жоокерлерге абадан колдоо көргөзгөн учкучтар (из личного архива Карела Абдыкулова)

14 / 21

Россия Кыргызстанга белек кылган аскердик жүк ташуучу Ан-26 учагы. Чүй облусу, 2017-жыл

15 / 21

Кыргызстандык аскердик авиациясында чет өлкөлүк өндүрүштөгү бир катар техника, учактардын түрү бар

16 / 21

Аскердик авиация зарыл болгон учурда куткаруу иштерине да катышып турат

17 / 21

Жердеги аскердик күчтөргө абадан колдоо көргөзгөн тик учак

18 / 21

Кыргызстандын аскердик авиациясы бир катар согуштук аракеттерде өзүн жакшы жагынан көргөзө алган

19 / 21

Учактан парашют менен секирген жоокерлер

20 / 21

Көк асманда өз чеберчилигин көргөзгөн учкучтар

21 / 21

Өлкөнүн абадан коргоочу аскер кызматкерлери дайым күжүрмөн даярдыктан өтүп турушат

По теме:
История авиаучилища во Фрунзе-1, которому 60 лет — архивные фото
ГЭС, аэропорт, театр, шаар салган ата мекендик куруучулар. Архивдик ирмемдер
Эгемен Кыргызстандын эр жүрөк армиясы. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө 31 жыл толду