Кыргызстандыкты 1,8 млн. долларга алдап кеткен деп чет элдик кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаранды алдап 1,8 миллион долларлык криптовалютасын алып алган деген шек менен чет элдик кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
15-августта чекисттер чет өлкөлүк жаранды кармап тергөө абагына киргизген. Ал трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналары белгиленди.
УКМК бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да издеп жатат.
Милиция 80 миң доллар тоноттум деген кытайлыктарды алдамчылыкка шектеп кармады