БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. АКШ чалгын кызматынын Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу тууралуу терс маанайдагы маалыматынан улам америкалык конгрессмендердин айрым бир бөлүгү Киевге жардамдын жаңы пакетин бекитүүгө каршы чыгууда. Бул тууралуу өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Washington Post жазды.
Буга чейин АКШ президенти Жо Байден мыйзам чыгаруу органына Украинага колдоо көрсөтүү боюнча сурам жөнөткөн. Киевге аскердик, каржылык жана гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн ал 24 миллиард долларга чукул акча суроодо.
"Контрчабуулдун жыйынтыгын эске алып, эми айрым республикачылар да Байдендин Украинага 20 миллиард доллардан ашкан жардам көрсөтүү өтүнүчүнө каршы чыгып жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Басылма АКШ чалгыны "Украина маанилүү болгон Запорожьедеги Мелитополь шаарына жете албайт" деген болжолдуу жыйынтыкка келгенин жазды. Анткен менен бул жашыруун маалымат жабык талкууда чоң жаңжалды шарттаганы айтылат. Республикачылардын экинчи тарабы администрацияга Украинага кубаттуу курал-жарак жөнөткөн эмес деп кине коюуда.
Эскерте кетсек, Киев 4-июнь күнү Түштүк Донецк, Артемовск жана Запорожье багыты боюнча контрчабуул баштап, НАТОнун даярдыгынан өткөн күчтөрүн жана Батыштын техникасын салган. РФ президенти Владимир Путин каршы тарап кандайдыр бир ийгиликке жете албаганын, буга Батыштагы кураторлору нааразы экенин белгилеген.
РФ Коргоо министрлиги 4-август күнү Украина контрчабуулу башталгандан бери, июнь-июль айларында, 43 миңден ашуун аскеринен жана курал-жарак менен техниканын 4,9 миң бирдигинен ажыраганын маалымдаган.